Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Аламүдүндүк тургундун бодо малын уурдоого шектелип 37 жаштагы адам кармалды

Turmush -  Аламүдүн районундагы тургундун бодо малын уурдоого шектелип, Чүй облусунун 37 жаштагы тургуну кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 7-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Башкара-Суу айылынын 51 жаштагы Б.Э. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып киришип, ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 37 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1165
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×