Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Айыл турмушу: Куткаруучу К.Календеров өмүрүндөгү эң кооптуу өрт кырсыгын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын 30 жаштагы тургуну Кыялбек Календеров Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №27 өрт куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы болуп иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1988-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылында төрөлгөн.

- Кыялбек мырза, сиздердин жумуш чынында оор. Жумуштан чарчап келгенде үйдөн эмне менен алек болуп эс аласыз?

- Үйгө чарчап келгенде 1-2 саат уктап эс алам. Өзүӊөр билгендей биздин жумуш оӊой эмес. Абдан кооптуу жана татаал. Өзүбүз айылда жашаганыбызга байланыштуу бир аз уктап эс алган соӊ чарба жумуштары менен алектенем.

- Жумуш учурунда эсиңизде калган кооптуу окуялар болду беле?

- Ооба, жумуш бир жагынан кызыктуу, бирок кимдир бирөөлөр кайгырып жатканда сен дагы жаман болосуӊ. Кызмат учурундагы эӊ кооптуу окуя 2013-жылы болду. Анда Кант шаарындагы авто оӊдоочу жай күйүп, бизге чакыруу түштү. Биз дароо жетип барганыбызда, өрт жалындап жаткан экен. Авто оӊдоочу жайдын ичинде газ баллондор жана кислороддук баллондор бар дешти. Өрттү өчүрүп жатканда газ баллондор жарылбаса экен деп тиленип жаттык. Ошондо чынында коркком. Анткени ал баллондор жарылса, эмне болмок ким билет эле?

Кээде күлкүлүү, тамашалуу окуялар да болбой койбойт. Бир жолу белги берилип (тревога), баарыбыз ордуларыбыздан туруп, шашып кийинип, сыртка тизилүүгө жөнөдүк. Азыр кайсыл тарапка барат болдук экенбиз, дагы кандай кырсык болуп кетти деп жөнөдүк. Көрсө мени тамашага салышып, атайын чакырышкан экен. Ошондо мага наам берилгени жатыптыр.

- Жумушка киргенден баштап ушул күнгө чейин канча адамдын өмүрүн сактап калдыӊыз?

- Адам өмүрүн сактап калган учурлар көп эле болду. Ал биздин биринчи милдетибиз.

- Эмгегиӊиз бааланып жатабы?

- Үзүрлүү эмгектин арты менен 2 медаль, юбилейлик 4 ардак баракчага татыдым. Ошол медалдын бирөөсүн 2014-жылы Ысык-Ата районундагы Туюк жайлоосу күйүп, аны өчүрүүгө катышып алгам.

- Келечектеги максаттарыӊыз?

- Буюрса келечекте ушул жумушта татыктуу иштеп, элиме-жериме ак кызмат кылып, ардактуу эс алууга татыктуу чыксам дейм.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Мен үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Менден кийин эки карындашым бар. 2006-жылы Нурманбет айылындагы орто мектепти бүтүргөн соӊ, Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен өрт коопсуздугу боюнча кесибин алып чыккам. Аталган окуу жайды 2011-жылы аяктап, 2012-жылы эӊ алгачкы эмгек жолумду баштагам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 755
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×