Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Чүйдө 64 жаштагы тургундун сарайынан мыйзамсыз сакталган 1,6 миңден ашык ок табылды (фото)

Turmush -  Чүй ОИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жардыруучу заттарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында рейд иш-чараларын жүргүздү.

Аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 29-мартта Панфилов районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 64 жаштагы С.Г.га тиешелүү сарайдан 1637 ок, 5 килограмм батыра (дробь), 21 даана ичине ок толтурулган артиллериялык снаряд, 13 даана пистон, 32, 20, 16 жана 12 калибриндеги 8 даана гильза табылып алынды.

Аталган факты Панфилов РИИБге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Көп окулду
×