Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Айыл турмушу: Спорттон сүйүктүүсүн тапкан футболчу И.Эрмеков өзүнүн кесиптешине баш кошот (видео, фото)

Turmush -  Кант шаарынын 25 жаштагы тургуну Илгиз Эрмеков 5 жылдан бери футбол менен машыгып келет. Ал учурда 2008-жылы туулган балдарды өзү менен чогуу машыктырып, аларды мелдештерге даярдап жатат. Футболчу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, футболдун арты менен сүйүктүүсүнө жолуккан.

«Менин сүйлөшкөн кызым "Абдыш-Ата" футбол клубунда жана Кыргызстандын курама командасында ойнойт. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө 4 жылдын жүзү болду. Алгач мен футбол менен машыгып жүргөндө, ал футболдун күйөрманы болчу. Аны биринчи жолу көргөндө эле жактырып калгам. Быйыл буюрса үйлөнүп, турмуш жолуна аттанабыз деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Футболчу Токмок шаарында 1993-жылы төрөлгөн.

«Биз ата-эне, бир туугандарыбыз болуп бир нече жыл Москва шаарында жашап келгенбиз.
Ал жактан 1-класстан 3-класска чейин билим алдым. Андан кийин Кыргызстанга көчүп келип, Токмок шаардык №3 орто мектептен окуумду аяктадым. Кичинекей чагымда үйдөгүлөр мени Москвага таштап, ошол жактан футбол клубдарынан окутабыз деген ойлору болгон. Мен алар менен чогуу Кыргызстанга ээрчип келгем.

Футбол менен машыгып келе жатканыма быйыл 5 жыл болот. Ошол аралыкта командабыз
"Абдыш-Ата — Кант" менен бирге 2015-жылы Кыргызстандын кубогун, 2016-жылы Кыргызстандын супер кубогун алып, Кыргызстандын биринчи лигасынын бир нече жолку чемпиону, Кыргызстандын жогорку лигасынын күмүш жана коло медалынын призеру болдук. Жакында өткөн Токмоктогу футбол мелдешинде "Мыкты коргоочу" наамын алдым.

Мен өзүм менен бирге 2008-жылкы өспүрүм балдарды машыктырып келем. Келечекте өзүм да футболдон ийгиликтерди жаратып, машыктырып жаткан жаш өспүрүмдөрдөн мыкты футболчуларды тарбиялап чыксам дейм», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 867
Көп окулду
×