Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Жаш талант: Ысык-аталык 17 жаштагы И.Изатова Азербайжанда өткөн эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбай айылынын 17 жаштагы тургуну Иззада Изатова Баку шаарында өткөн «Ахысканын кыздары» («Девушки Ахыска») эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Буденовка орто мектебинде 11-класста билим алып жатат.

«Аталган сынакка Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Россиянын, Украинанын, Грузиянын атынан катышуучулар келди. Бул сынакка Кыргызстандын атынан катышуу мен үчүн абдан сыймыктуу жана жагымдуу болду. Ал жерде кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын тааныштырдым. Ар бир өлкөдөн келген катышуучулар мекенинин каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын көрсөтүштү. Жыйынтыгында эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү аталдым. Уюштуруу абдан мыкты деңгээлде болду», - деди ал.

И.Изатова 2001-жылы Ысык-Ата районундагы Кочкорбай айылында төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1224
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×