Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Токмокто жол кырсыгынан каза болгон Куттубектин жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Токмок шаарында жол кырсыгынан каза болгон Куттубектин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мелдештин уюштуруучуларынын бири Сатыбалды Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке жалпы 24 команда катышты. Ал эми маркум Куттубектин достору командасын «Куттубек 93» деп аташты.

«Токмок шаарынан жана ага жакын Чым-Коргон, Ак-Сай, Кеӊ-Булуӊ айылдарынан командалар келишти. Финалдын алдында Куттукбекти эскерип, андан соң оюнду баштадык», - деди ал.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Куттубек 93» командасы жеӊсе, 2-орунду «Алга Чүй», 3-орунду «Кичи район», 4-орунду «Кичи район Сити» командалары ээледи. Ошону менен бирге «Эӊ мыкты оюнчу» наамын Арген Садырбеков, «Эӊ мыкты чабуулчу» наамын Азамат Асанкулов, «Эӊ мыкты коргоочу» наамын Илгиз Эрмеков, «Эң мыкты дарбазачы» наамын Камчыбек уулу Сапарбек жеӊип алышты.

Жалпы байге фонду 50 миӊ сомдон ашык каражатты түзүп, 1-орунга 20 миӊ сом, кубок медаль жана баалуу белектер берилди. 2-орунга 15 миӊ сом, медаль жана белектер, 3-орунга 10 миӊ сом, медаль жана белектер, ал эми 4-орунга 5 миӊ сом берилди.

«Куттубектин жаркын элесине арналган турнирди өткөрүүгө чоӊ жардам берген Жогорку Кеңештин депутатына, Токмок мэриясына, кыргыз лигасынын президенти Ырыскелди Мусаевге, Токмоктун спорт комитетине чоӊ ыраазычылык билдирип кетем», - деди Сатыбалды Жунушалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×