Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Кара-Балтадагы тургундар Кемероводогу апааттан каза болгондорду эскеришти (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында Россия Федерациясынын Кемерово шаарындагы оюн-зоок борборундагы өрт кырсыгынан каза болгондорду эскерүү боюнча митинг-реквием болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бүгүн, 28-мартта Ленин атындагы маданият үйүнүн алдына өздөрү менен чогуу гүлдөрдү жана оюнчуктарды ала келишкен жүздөгөн жарандар чогулушту. Алар каза болгондорду эскергенден кийин колдорундагы ак шарларды асманга учурушту.

Буга чейин Кант шаардык мэриянын алдындагы балдар билим берүү борборунун эмгек жамааты Россия Федерациясынын элине Кемерово шаарындагы оюн-зоок борборунда бир нече адамдардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтышкан болчу.

Аймактык кабарчы билдиргендей, эмгек жамаат аталган борбордун дарбазасына «Кемерова биз сени менен» деген жазууларды илишти. Аталган билим берүү борборунун директору Мадина Бабаеванын айтымында, мугалимдер Кемерово шаарындагы апаатка кайдыгер карабай, курман болгон жаш балдардын жакындарына көӊүл айтуу иш-чарасын уюштурушту.

«Биз Кемерово шаарындагы кичинекей балдардын аянычтуу кырсыкка кабылганын көрүп, алардын жакындарынын кайгысын теӊ бөлүшкүбүз келген. Бүгүн эмгек жамаатыбыз менен кеӊешип, дарбазабызга ак шарларды илип, "Кемерова биз сени менен" деген жазууларды илдик. Жөнөкөй тургундар дагы ары-бери өтүп, гүл таштап жатышат. Балдар өздөрүнүн жакшы көргөн оюнчуктарын да алып келишүүдө», - деди ал.

Россиянын Кемерово шаарындагы ири өрткө электр зымдарынын кыска чыңалуусу негизги себеп катары каралып жатат. Бул тууралуу Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин президент Владимир Путин менен болгон кеңешмеде билдирди.

«Өрткө электр каражаттарынын өзүнөн өзү өрттөнүүсү же ачык оттун колдонулушу себеп болгон», - деди ал.

А.Бастрыкин тиешелүү экспертизалар дайындалып, 5 адам кармалганын кошумчалады.

«Соода борбордогу өрт тууралуу кабар берген баскыч (сигнализация) иштеген эмес. Муну менен катар кароолчу коркунучту билдирүүчү баскычты да жандырган эмес. Тактап айтканда, коопсуздук системасы толугу менен жарактан чыккан», - деди ал.

Соода борбордогу өрттүн кесепетинен 41 жаш бала каза болду. Бул маалыматты Россиянын ИИМнин жана ӨКМнин аймактык башкармалыктарындагы ведомстводогу тизмелер тастыктайт. Ошондой эле каза болгон адамдардын тизмеси Кемерово шаарында түзүлгөн штабга илингенин «Интерфакс» басылмасы жазды. Расмий маалыматтарга караганда, өрт кырсыктын кесепетинен 64 адам көз жумду.

«Зимняя вишня» соодо борборундагы өрт 25-мартта күндүз башталган. Учурда каза болгон 25 адамдын өздүгү аныкталды. Ал эми көз жумган 37 адамдын өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертиза дайындалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×