Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Дүйнөнү кыдырган көзү азиз кол күрөшчү: У.Босумбаевдин базардагы жана спорттогу жашоосу (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 42 жаштагы тургуну Урматбек Босумбаев 7 жылдан бери спорттун кол күрөш түрү менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Урматбек Босумбаев бала кезинен көз оорусуна кабылып, Бишкектеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мектеп-интернатында билим алган.

«Менин көзүмдүн көрүүсү жашым өткөн сайын начарлай берди. Мурда бала кезде чала-була көрчүмүн. Азыр көчөгө жандап жүргөн адам жок чыга албайм. Өзүм Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында 1976-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келгем. Тилекке каршы, айылдагы мектептен билим алган жокмун. Көзүмдүн көрүүсү начарлап кеткендиктен Бишкектеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мектеп-интернатында он жыл окудум. Аны бүткөндөн кийин шартка байланыштуу билим алган жокмун. Жашоо-тиричилик үчүн базарга өтүп, соода-сатык кылдым. Келинчегим менен базарда эмгектенип жүргөндө таанышкам. Кудайга шүгүр, 4 уул жана бир кыз, бир неберебиз бар», - деди спортчу.

Биринчи топтогу майып катары каттоого алынган Урматбек Босумбаев спорт менен машыгуу үчүн Беловодск айылынан Бишкек шаарына балдары же досторунун жардамы менен каттап турат.

«Учурда көзүм такыр көрбөйт. Мындан улам 1-топтогу майып катары каттоого алынгам. Ал эми Бишкектеги спорт залга жумасына 3 жолу барып турам. Кээде балдарым жетелеп алып барса, кээде досторум алып барат. Өзүм бала кезден спортко кызыкчумун. Бирок көзү көрбөгөн адамдын баары эле спортко жарай бербейт. Ошол себептен кол күрөштү тандап алдым. Бул спортко катышып жатканыма 6 жыл болду. Бирок акыркы бир жылдан бери профессионалдык деңгээлде машыга баштадым. Жакында эле өткөн республикалык мелдеште 1-орунду алып, чемпион аталдым. Буга чейин Венгрияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 60 мамлекеттин спортчуларынын ичинен 7-орунду алгам. Андан соӊ, Чолпон-Ата шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледим.

Эӊ биринчи машыктыруучум Азия чемпиону Елена Евгенина Тараторина деген орус айым эле. Азыр ал шартына байланыштуу машыктырбай калды. Учурда дүйнө чемпиону Александр Ли аттуу машыктыруучу менен иштешип жатам», - деди ал.

Спортчу бош убактысында комуз чертип, ырдаганды жактырат.

«Бош убактымда ырдап, комуз чертем. Балдарымдын улуусу кыз. Ал турмушка чыкты. Андан кийинки уулум ашпозчулук кесибин аркалап, учурда Түркиядагы өндүрүштүк практикага камданууда. Андан кийинки 6-8-класста окуган уулдарым күрөш менен машыгышат. Эӊ кичүү уулум 4-класста окуйт. Ал азырынча футболго кызыгып жүрөт», - деди ал.

Урматбек Босумбаев көзүн чет мамлекеттерден дарылатса, көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады. Бирок ага азырынча акча каражаты жок.

«Дарыгерлер мага "жаш курак өткөн сайын көзүңдүн көрүүсү начарлай берет" деп айтышкан. Азыр меникиндей ооруну айыктарганга мүмкүнчүлүктөр пайда болуптур. Бирок ага каражат жок. Болжол менен 50 миӊ доллардан өйдө каражат керек деп айтып жатышат. Көзүмдүн көрүүсү калыбына келсе абдан жакшы болот эле. Көп максаттар бар...», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1185
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×