Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Канттагы мугалимдер Кемероводогу кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты (фото)

Turmush -  Кант шаардык мэриянын алдындагы балдар билим берүү борборунун эмгек жамааты Россия Федерациясынын элине Кемерово шаарындагы оюн-зоок борборунда бир нече адамдардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, эмгек жамаат аталган борбордун дарбазасына «Кемерова биз сени менен» деген жазууларды илишти. Аталган билим берүү борборунун директору Мадина Бабаеванын айтымында, мугалимдер Кемерово шаарындагы апаатка кайдыгер карабай, курман болгон жаш балдардын жакындарына көӊүл айтуу иш-чарасын уюштурушту.

«Биз Кемерово шаарындагы кичинекей балдардын аянычтуу кырсыкка кабылганын көрүп, алардын жакындарынын кайгысын теӊ бөлүшкүбүз келген. Бүгүн эмгек жамаатыбыз менен кеӊешип, дарбазабызга ак шарларды илип, "Кемерова биз сени менен" деген жазууларды илдик. Жөнөкөй тургундар дагы ары-бери өтүп, гүл таштап жатышат. Балдар өздөрүнүн жакшы көргөн оюнчуктарын да алып келишүүдө», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 804
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×