Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Фото — Аламүдүндө малдын терисин жана ичеги-карындарын мыйзамсыз иштеткендердин сарайлары табылды

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда малдын терилерин жана ичеги-карындарын мыйзамсыз иштеткендер аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысынын орун басары Чыңгыз Шейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, Аламүдүн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн капитаны, мал уурулукка каршы күрөшүү тобунун ага ыкчам өкүлү Кылыч Жунусалиев менен биргеликте өткөргөн текшерүү иш-чарасында Аламүдүн районунун Пригородный айылында (эски Пригородный совхозунун гаражында) ветеринардык-санитардык талаптарды сактабай жана тиешелүү уруксат кагазы жок малдын терилерин жана ичеги-карындарын иштетип, андан соң аларды сатып жүргөн жеке ишкерлердин 3 сарайы аныкталган.

«Текшерүүнүн катышуучулары менен биргеликте жеринде административдик чараларды көрүүгө актылар түзүлүп, кампалар жаптырылып, учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×