Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Ивановкадагы чоӊ эне Казакстандан келген 3 небереси менен чогуу иске ууланды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын 85 жаштагы тургуну М.Т.нын үйүнө Казакстандын Алмата шаарынан 2010-жылы, 2014-жылы жана 1992-жылы төрөлгөн кыздар конокко келип, мештен чыккан иске ууланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактардан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кыздар жазгы эс алууну утурлай чоӊ энесине келишкен. Алар үй ичиндеги мешке от жагып, көмүр салышкан. Көмүр жакшы күйбөй, андан чыккан иске чоң эне небере кыздары менен чогуу ууланып, аймактык ооруканага түштү. Жабырлануучулардын ден соолугу текшерилип, абалы жакшы болгондо үйүнө жиберилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1657
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×