Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 27.03.2018 18:27 На русском

М.Телекматов Жайыл районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Максат Телекматов Жайыл районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-мартта кол койду.

Телекматов Максат Эркебекович 1979-жылы Жайыл районунда төрөлгөн. Билими — Кара-Балта тамак-аш өнөр жай техникумун аяктап, 2001-2007-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен менеджмент адистигин алган.

Эмгек жолу:

- 2000-2004-жылдары Жайыл районунда калкты жумуш менен камсыздоо башкармалыгында адис;

- 2008-жылы Жерге жайгаштыруу жана мүлктөрдү каттоо башкармалыгында жетектөөчү адис;

- 2011-жылдын 12-августунан 2013-жылга чейин кадастр жана мүлктөрдү каттоо департаментинин Жайыл райондук башкармалыгында каттоочу;

- 2008-2012-жылдары Жайыл айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган;

- 2013-жылы 5-сентябрда Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×