Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 29.03.2018 08:00

Жаш талант: 12 жаштагы дзюдочу жана самбочу Д.Мелисов 3 жылдын ичинде 29 медалдын ээси болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылынын 12 жаштагы тургуну Данияр Мелисов 3 жылдан бери самбо жана дзюдо менен машыгып келет. Ал көптөгөн ийгиликтерди жаратып, 29 медалдын ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш спортчу 2006-жылы Сокулукта төрөлгөн.

«Көчөдө ойноп жүрсөм дос балам "спорт залга барып келели" деп калды. Анын сунушуна макул болуп барсам азыркы агайым жакшы кабыл алып, алгач жеӊил көнүгүүлөрдү жасатты. Дароо спорт менен машыгуу жагып калды. Ошондон бери 3 жыл өттү. Ушул 3 жыл аралыгында көптөгөн мелдештерге катышып, бир топ сыйлыктарга ээ болдум. Жалпы 29 медалым бар. Анын он төртү алтын, ону күмүш, бешөө коло медалдар. Ушулардын ичинен Ивановкадан эӊ биринчи алган медалым абдан жагат. Себеби ошол мелдеш менин эӊ биринчи ийгилигим болчу. Ата-энем да сүйүнүшкөн», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

«Улуу байкем жана иним бар. Өзүм келечекте аскер кызматкери болгум келет. Учурда Жыламыштагы Нуркамал Жетикашкаева атындагы орто мектепте 6-класста окуйм. Спорт менен чогуу сабакты да калтырбоого аракет жасайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×