Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 27.03.2018 13:33 На русском

Сокулуктун акими Болот Саткеев кызматтан бошотулду

Turmush -  Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Саткеев Болот Жантайбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Ал тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы сунушу акимдин кызматтан бошотулушуна негиз болгон.

39 жаштагы Б.Саткеев Сокулук районунун акими болуп 2017-жылдын 7-мартында ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×