Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.03.2018 13:32

Сокулукта баш байгеге 5 төө сайылган ат оюндары өткөрүлөт

Turmush -  14-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунда баш байгеге 5 төө коюлган ат оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Изат Жунушов билдирди.

Анын айтымында, мелдештин максаты — элди ынтымакка чакыруу.

«Кыргызстандын бардык аймактарынан спортчулар чакырылат. Келе турчу коноктордун саны 500дөн ашуун болору божомолдонуп жатат. 1-орунга 5 төө, андан кийинки орундарга тай жана акчалай сыйлыктар коюлууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×