Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Куу түлкүгө алданган мергенчи: Кыргыз тайгандарын изилдеген Т.Шүкүровдун аңчылыктагы жоруктары (фото)

Turmush -  30 жылдан бери кыргыз тайгандарын багып, анын кулк-мүнөзүн, турган турпатын изилдеп келе жаткан токмоктук Таалай Шүкүровго германиялык изилдөөчү атайын жолугуп кеткен. Ал коомго «Санат-Кумай» федерациясынын мүчөсү, кинолог-эксперт катары да белгилүү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам алтын комбинатта куткаруучу болуп эмгектенген. Ошол кызматына байланыштуу 1983-жылы Өзбекстандын Зарафшан деген шаарына көчүп кетип, мен 8 жашка толгонго чейин ошол жерде болуп, кийин 1988-жылы кайра Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келдик. Өзбекстанда жүргөндө үйгө ташбакаларды алып келип бага берчүмүн. Атамдын айтымында, кичинекей кезимде курт-кумурскаларды ширеңкенин кутусуна чогултуп, ошолорго байкоо жүргүзчү экенмин. Бир күнү Өзбекстандагы чабандардын чоӊ иттерин көрүп кызыгып калдым. Көрсө ал иттер азиат тукумундагы иттер экен. Атама ошол иттен алып бер деп ыйлап жатып, күчүктөрүн алдыртып бактым. Өзүбүз көп кабаттуу батирде жашагандыктан үйгө ит багуу ыӊгайсыз эле. Атамдар ал күчүктөрдү ар кимге берип, ордуна көгүчкөн, ташбака алып келишти.

Кыргызстанга келгенде биздин айылда Аскат деген байке кыргыз тайгандарды багат экен. Анын тайгандарынын сулуулугуна, акылдуулугуна абдан кызыгып, суктандым. Ошентип тайган багууга болгон аракетимди жумшадым. Андан бери бир топ тайгандарды бактым. Ошондо 8 жашымдан бери тайгандарды багып өстүрүп келе жатам. Ал ортодо бүркүт кармап, таптап да көрдүм. Бирок биздин айылда мүнүшкөрлөр жок болгондуктан, куш таптоонун сырын үйрөнө алган жокмун», - деди ал.

Таалай Шүкүров немис изилдөөчү кантип кыргыз тайгандарына кызыгып калгандыгы тууралуу айтып берди.

«Биздин кыргыз тайгандардын башка өлкөнүн тайгандарынан айырмасы — эр жүрөктүүлүгүндө. Тактап айтканда карышкыр, чөөгө алы жетет жана жырткыч аттуулардан коркпойт. Биздин тайгандар тоо-таштуу жерде дагы, түз жерде дагы алыска жакшы чуркайт. Ал эми башка жактын тайгандары кооздугу жана жакын аралыкка чуркоосу менен өзгөчөлөнөт. Негизи биздин тайгандардай иттер эч бир өлкөдө жок экен. Аны мага немис изилдөөчүсү айтып берген. Бул мындайча болду. Немис изилдөөчү аялга Россиядан кимдир бирөөлөр кыргыз тайганын белекке беришиптир. Ал бул ит кайсы тукумдан экенин билбей, изилдей баштайт. Бүт дүйнө жүзүндөгү тайгандарды карап, канын дагы текшертип, акыры кыргыз тайганы экенин билип, мага келиптир. "Бул жаныбар абдан акылдуу болот. Үй жана талаа шартында да баксаӊ болот экен. Кандай жер шарты болбосун ошол жерге тез көнүшүп кетет экен. Анын канын (ДНК) текшертсем, Ооган, Африка жана Россиядагы тайгандардын бири да дал келген жок, бир гана Казакстандын тазыларына жакындашып кетет экен" деди. Менин угушумча ушул тазылар биздин тайгандардан тараган. Бирок кийин алар башка иттер менен аргындашып кетиши мүмкүн.

Немис изилдөөчүсү "Манас" эпосун да окуп, кыргыз тайгандары тууралуу атайын маалымат алыптыр. Ал мага мындай деп айтып берди. "Кыргыз тайганы куштардан жаралат окшойт. Анткени бир гана куштардын канын алып көргөн эмесмин, балким ушул сөз туура. Эпостордо куштун баласы кумайык деген сөз бар. Аны карап турсаӊ, көзү алысты жакшы көрөт, бирок жытка анча жакшы эмес болушат. Кумайык негизи канча бир жылда жаралат экен" деди. Анын журналы бар экен. Мени ошол журналына да чыгарган.

Илгерки тайгандар бир айылды баккан. Ал кезде илбирс, жолборс ала турган тайгандар болгон. Алар төөнүн алдынан өткөндө далысы тийип калчу экен. Ушунчалык чоӊ болчу дешет. Азыр тайгандарды тазалап, кайра калыбына келтирип жатабыз.

Үркүн маалында кыргыз дөбөтү менен кыргыз тайгандарын орус аскерлери атып салышыптыр. Себеби биздин тайгандар карышкыр алып жүрүшкөн. Орус аскерлери өздөрү менен чогуу жетелеп келген овчаркаларды талап башташканда, "булар ит эмес эле жырткыч экен" деп аткылап, Чүй өрөөнүндөгү тайгандарды кырып салышкан дешет», - деди ал

Ал өзүнүн тайгандары менен мергенчиликке чыгып, куу түлкүгө алданганын да айтып берди.

«Түлкү ушунчалык куу, амалкөй экенине ынандым. Кыш мезгили. Кар баскан аппак талаа. Ал кезде жакшы бир тайганым бар эле. Аны менен мергенчиликке чыктым. Аппак кар баскан талаада бир түлкү чычкан аӊдып ары-бери жүрүптүр. Аны тайганга көрсөтүп кубалаттым. Түлкү тайган жакындап калганда качты. Азыр алат деп карап турсам, талааны ортолоп тайган жалгыз кетип бара жатат. Түлкү каякка кирип кетти деп ат менен изин кубалап чаптырдым. "Аппак жерден кантип жоголду, жер жутуп кеттиби?" деп таӊ калдым. Чаап баратсам арыктан тайган секирип өтүптүр, тиги түлкү арыкка түптүз жата калыптыр да катыган бойдон тайганга көрүнбөй калыптыр. Ошондо түлкүгө абдан таӊ бердим. Тайганды эмес, ат үстүнөн карап турган мени кошо алдап кеткенин.

Келечекте ушул кыргыз тайгандарын тазалап, улуттук баалуулуктарыбыздын катарына кошсок деген үмүт-тилегибиз бар. Эл аралык абройлуу уюмдарга каттатып, атайын изилденген илимий далилдер менен тастыктап койсок дейм», - деди ал.

Т.Шүкүров Токмок шаарындагы Совет айылында 1980-жылы 28-февралда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 3 уул жана 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1814
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×