Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Токмоктук тургундун уюлдук телефонун уурдоого шектелген ысык-көлдүк адам кармалды

Turmush -  Токмоктук тургундун уюлдук телефонун уурдоого шектелген 55 жаштагы ысык-көлдүк адам кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 59 жаштагы С.Л. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30дан 11:00гө чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарында жайгашкан соода түйүндөрдүн биринен «SAMSUNG-G-5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң сомду түзгөн.

Бул окуя боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, аталган кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 55 жаштагы О.Т. аттуу ысык-көлдүк адам кармалган. Ал Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×