Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Токмокто пенсионерди коркутуп, 50 миң сомун тартып алган шектүүлөр кармалды

Turmush -  Чүй облусунун үч тургуну каракчылык кылмышына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 3-февраль күнү саат 18:50 чамасында беттерин моюн орогуч менен жаап алган 25-30 жаштардагы белгисиз 3 адам Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине киришкен. Алар 83 жаштагы П.Е. жана 55 жаштагы П.В.га күч колдонуп, 50 миң сомго жакын акча каражатын тартып алып, из жашырышкан.

Аталган факты боюнча Токмок ШИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексиндеги 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иш козгогон. ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 33 жаштагы К.Н., 44 жаштагы У.А. жана З.В. кармалды. Алар сурактын жүрүшүндө кылмышты мойнуна алышты.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×