Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.03.2018 17:20

Айша Орозбекова Ысык-Ата районунун башчысынын орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Орозбекова Айша Жекшалыевна Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-мартта кол койду.

Орозбекова буга чейин «Ак-Шумкар» саясий партиясынан Кант шаардык кеңештин депутаттыгына шайланып келген болчу. Ал 1978-жылы 8-августта төрөлгөн. Эл аралык укук жана филолог адистиги боюнча билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×