Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусу 26.03.2018 11:50

Кол күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп, Азия жана дүйнө чемпионатына спортчулар тандалышты (фото)

Turmush -  Ар бир облустун спортчулары катышкан кол күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп, анда Азия жана дүйнө чемпионатына спортчулар тандалды. Бул тууралуу Кыргыз кол күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кол күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилигинде (тайпалык эсеп менен) 1-орунду 260 упай менен Жалал-Абад облусу, 2-орунду 230 упай менен Бишкек шаары, 3-орунду 120 упай менен Чүй облусу жана 4-орунду Талас облусунун спортчулары алышты. Мелдеш 24-25-март күндөрү өткөрүлүп, ага 300дөн ашуун спортчу катышты.

Тандалган спортчулар апрелде Астанада өтө турчу Азия чемпионатына жана сентябрь айында Антальяда өтө турчу дүйнө чемпионатына, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×