Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Токмоктогу батирден аял кишинин денеси табылды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында эшиги бекилип калган батирден аял кишинин денеси табылды. ӨКМ бүгүн, 26-мартта билдиргендей, куткаруучулар Ю.Гагарин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачышкан.

Жансыз дененин өздүгү такталып, 1957-жылы туулган К.А. экени аныкталды. Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берип, өлүмдүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 479
Көп окулду
×