Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуМосква району 24.03.2018 19:00

Петровкалык тургундун күздүк түшүмүнүн акчасын бербей жүргөн 25 жаштагы жашоочу кармалды

Turmush -  Чүйдө алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы тургун кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 20-декабрында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Петровка айылынын 59 жаштагы М.К. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айынын ортосунда таанышы күздүк түшүмүн 30 миң сомго баалап, карызга алып, бирок ушул күнгө чейин акчасын бербей жүргөнүн билдирген.

Бул окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 25 жаштагы Б.Д. аттуу жашоочусу кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×