Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.03.2018 13:55

Сулуу кызга айланган кара-балталык эркек кишиге ашык болгон жигит 170 миң сомун алдаткан

Turmush -  Кара-балталык эркек киши сулуу кызга айланып, социалдык түйүндөр аркылуу өзүнө ашык болгон жигиттен 170 миң сом акчаны алдап алган.

Прокурордун улук жардамчысы Рашид Исмаевдин маалыматына караганда, ушул жылдын февраль айынын аягында Кара-Балта шаарында алдамчылыкка шектелип эркек киши кармалган. Аталган киши социалдык түйүндөрдөгү баракчасына сулуу кыздын сүрөтүн жарыялап, жигиттер менен таанышып баштаган.

«Алгач бир гезиттеги жарыя аркылуу 19-20 жаштагы кыздын сүрөтүн көрсөтүп, өзүн Амина деп тааныштырган. Ошондой эле, ал эркектер менен жакын мамиледе болуу үчүн 30 жаштагы жигиттер менен таанышуу тууралуу каалоосун билдирген. Андан кийин социалдык түйүндөрдөгү баракчасынын жардамы менен өзүн Римма деп тааныштырып баштаган. Албетте, баракчасына жайгаштырган кыздын сүрөтү көпчүлүк жигиттерге жагып, Римма менен эркектердин ортосунда виртуалдык мамиле түзүлгөн. Шектүү мындан тышкары аялдын үнүн туурап, жигиттерге чалып, алар менен сүйлөшүүгө да жетишкен. Жигиттер виртуалдуу Римманы жолугушууга чакырып, бирок шектүү алардын сунушун ар кандай себептер менен четке кагып келген. Ал таанышкан жигиттерге медициналык керектөөгө (өзүнө же туугандарына) акча каражаты жагынан көйгөйлөрү болуп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле, жаман жашап жаткандыгын айтып, алардан материалдык жардам сураган.

Анын тузагына түшкөн бир эркек жардам берүүгө макулдугун берип, виртуалдуу Римманын агасы делген кишиге акча берип турган. Чындыгында акча алуу үчүн жолугууга шектүү өзү барып жүргөн», - деди Исмаев.

Прокурордун улук жардамчысынын айтымында, виртуалдуу Римма ар бир майрам сайын кымбат балуу белектерди дагы сурап келген. Узакка созулган баарлашуудан кийин Римма менен жабырлануучу эркектин ортосунда ишенимдүү жана жылуу мамиле түзүлүп, ал шектүүгө белек берүүдөн баш тарткан эмес.

Көз боёмочуга алданган жабырлануучу виртуалдуу Риммадан шектенип, РИИБге кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, Римма менен болгон виртуалдык мамиле бир жылдан ашык убакытка чейин созулган.

Милиция кызматкерлери бир нече ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында аталган кылмышка шектүү киши мурункудай эле акча алып жаткан учурда кармалды.

«Жалпы 170 миң сомдун тегерегинде чыгым алып келген. Бирок бул бир эле учур болуп саналат. Мындан башка жабырлануучулар да болушу мүмкүн. Азыркы тапта бул маалымат иликтенип жатат. Шектүү Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы тургуну, эч жерде иштебейт. Жабырлануучу дагы Кара-Балта шаарынын тургуну. Азыркы тапта алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×