Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусу 24.03.2018 12:55

Чүйлүк дзюдочулар Казакстанда өткөн мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты (фото)

Turmush -  Казакстандын Алмата шаарында өткөн дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан барган спортчулардын ичинен төрт балбан алдыңкы орундарды камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облусунун ага машыктыруучу Советбек Тезекбаев билдирди.

«Жакында Алмата шаарында "Лидер" күрөш мектеби тарабынан уюштурулган мелдеш өткөрүлдү. Бизден барган Азамат Исабеков 1-орунду, Тилек Бектенов 2-орунду алса, 3-орунду Баел Равшанов менен Темирлан Тургунбеков жеӊип келишти. Мелдешке Алмата, Павлодар, Астана, Актау, Чымкент, Тараз жана башка шаардан келишти. Кыргызстандан 2 тайпа барганбыз.

Буга чейин дзюдо боюнча кышкы мелдештерде да биздин спортчулар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүшү. Кыргызстанда өткөн мелдеште Бакыт уулу Элдир 3-орунду, Руслан Мыкыев 3-орунду, Абдуислам Бокотоев 1-орунду алышса, Алматада өткөн мелдеште Руслан Мыкыев 2-орунду, Баел Токтосунов 3-орунду камсыздаган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×