Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

Айыл турмушу: Мугалим Н.Козукеева окуучуларга түстөрдүн жардамы менен сабак өтөт (фото)

Turmush -  Назира Козукеева Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылынын 35 жаштагы тургуну, анын билим берүү тармагында эмгектенгенине 12 жыл болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Чыгармачыл мугалим Панфилов районундагы Кубат Жуматаев атындагы орто мектебинде окуучуларга информатика сабагын окутуу менен бирге таасирдүү тарбияга өзгөчө көӊүл бөлөт. Ал түстөрдү тандоо менен окуучулардын компетенттүүлүгүн арттырат деп эсептейт.

«Мен сабакта ар кандай ыкмаларды колдонуп, окуучуларды билимге ынтызар болууга үндөп келем. Мисалы түстөрдүн, өӊдөрдүн жардамы менен да сабак өтөм. Ак – таза, тыкандык, жашыл – туруктуулук, өжөрлүк, сары – жеӊилдик, ачыктык. Түстөр да тарбияга ээ болуп, ким кайсыл түстү тандаса, анын мүнөзү ошого жараша аныкталарын айтып, сабакты кызыктуу кылып өтөм. Окуучуларга татыктуу билим берүү үчүн ар дайым изденип, сабак берүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп келем. Сабакты түрдүү формада өтүү окуучулар үчүн кызыктуу да, пайдалуу да болот. Мисалы, мелдеш сабак, компьютердик сабак, диалог сабак, диспут сабак, практикалык сабак, викториналык сабак жана башкалар. Ошондой эле ата-энелер менен биргеликте окуучуларга тереӊ билим берүү, келечекте татыктуу инсандарды тарбиялоо үчүн тренингдерди өткөрүп турууга аракеттенем», - деди ардактуу мугалим.

Изденгич, тапкыч, жаӊычыл мугалим бала кезинде эле окуучуларга сабак өтүүнү кыялданчу.

«Мектепте окуп жүргөн кезимен эле балдарды окутуп, тарбиялоону кыялданчумун. Чоӊ окуу жайды аяктагандан кийин эле, тактап айтканда 2006-жылы Кубат Жуматаев атындагы орто мектептен эмгек жолум башталды десем болот. Ошол жылдан баштап ушул мектепте эмгектенип келем. Ошентип үзүрлүү эмгегимдин арты менен 2013-жылы "Жыл мугалими", аймактык сынакта "Уюштургуч мугалим", 2013-жылы Панфилов райондук билим берүү тарабынан, 2017-жылы Вознесеновка айыл өкмөтү тарабынан "жаш өспүрүмдөрдү окутуп тарбиялоодо жетишкен ийгиликтер үчүн" деген грамота, мактоо баракчалар менен сыйландым», - деди ал.

Козукеева Назира Жетимишевна Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында 1983-жылы 22-майда төрөлгөн.

«Атам Жетимиш Козукеев, апам Гүлбайрам Кадыркулова жети кыз, бир уулдун ата-энеси. Мен үчүнчү кызы болом. Өзүм да үй-бүлөлүүмүн, бир кыз, үч уулум бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1154
×