Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Фото — Токмокто кыргыз тайгандар марага жүгүрүп, карышкыр алууга түштү

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында кыргыз тайгандарынын жарышы жана алардын тазалыгы боюнча тандоо сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган иш-чаранын уюштуруучусу, «Санат-Кумай» федерациясынын мүчөсү, кинолог-эксперт Таалай Шүкүров билдирди.

Сынакка Россиядан атайын эл аралык эксперттер чакырылган.

«Бул иш-чаранын башкы максаты — кыргыз тайгандарын тазалоо. Ошол себептен сынакта тайгандардын алгач келбети каралды. Экинчиси эр жүрөктүүлүгү текшерилип, карышкыр, түлкүгө салынды жана акыркы жарыштан күлүктүгүн сынадык. Бул сынакка Кыргызстандын бардык аймагынан тайгандарын алып келишти.

Бул иш-чараны жыл сайын Токмоктун Совет айылында өткөрүп туралы деп сүйлөштүк. Мурда жалаӊ гана тайгандардын сынагын өткөрчүбүз. Эми көк бөрү, тыйын эӊмей, кыз куумай, найза сайыш, кол күрөш сыяктуу улуттук оюндарды да кошолу деп жатабыз. Мында куш таптагандарды сынакка коштук. Абдан мыкты тайгандар, мыкты куштар бар экен. Тайгандарды күчүк, орто жаштагы жана чоӊ тайгандар деп 3 категорияга бөлдүк.

Негизи кыргыз тайгандары алыска чуркоо жана эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланат. Ал эми башка өлкөнүн тайгандары жакын аралыкка чуркоо жана кооздугу менен өзгөчөлөнөт», - деди ал.

Бул иш-чарага жалпысынан 70тен ашуун тайган катышты.

«Жыйынтыгында жеӊүүчүлөргө жана катышуучунун баарына баалуу белектер берилди. Чуркаган боюнча да, карышкыр алуу боюнча да Кемин районунан келген тайган 1-орунду алды. Токтогулдан, Нарындан да мыкты тайгандар келди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 716
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×