Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Айыл турмушу: Билим берүүнүн мыктысы Д.Исакбекова чылым чегип кармалган окуучуларын кантип жазалады? (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну Динара Исакбекова тамеки чегип кармалган окуучуларына капа болуп таарынган. Ал 22 жыл эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип, КРдин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен жана «Менин сүйүктүү мугалимим» алтын медалы менен сыйланган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен практикалык түрдө көргөзмө курал менен сабак өткөндү жактырам. Анткени балдар өз көзү менен көрмөйүн сабакка анча кызыга бербейт. Экскурсияга чыгарып, жаратылыш, курт-кумурска, өсүмдүктөрдү тааныштырам.

Окуучуларым менен көп эле кызыктуу окуялар болот. Менин бүтүрүүчү классымдагы эки окуучумду ажатканадан чылым тартып жаткан жеринен директорубуз кармап алыптыр. Директор "Динара, окуучуларыӊ чылым чегип жатыптыр" деп келди. Өздөрү мектеп менен коштошобуз деп жатышса кандай жаза кылабыз деп ойлонуп калдым. Аларга таарынып, "силерди кечирбейм, чылым абдан зыян экенин билесиӊер" деп алар менен сүйлөшпөй койдум. Ал окуучуларым "кечириӊиз эже, биз эмне кылалы" деп айтышты. "Эмне кылмак элеӊер, экөөӊөр башка окуучуларга чылымдын зыяндуулугу жөнүндө сабак өткүлө" десем, үйүнөн даярданып келишиптир. Директорубуз 9-10-класстын окуучуларын чогултуп, баарыбыз ошол экөөнүн өтүп жаткан сабагын карап турдук. Бирок чынында абдан жакшы даярданып келишиптир. Алар чылымдын зыяндуулугун практикалык түрдө көрсөтүп, окуучуларга абдан жакшы түшүндүрүп беришти. Ошондо мен аларды кечирдим деп айткам», - деди ал.

Ардактуу мугалим 1961-жылы Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында төрөлгөн.

«Ушул айылдан билим алып, ушул айылга турмушка чыгып, кайра эле өзүм окуп бүткөн мектепке мугалим болуп киргем. 1978-жылы Фрунзедеги министрликтин алдындагы академиядан билим алып чыктым. 1996-жылдан тарта Кубат Жуматаев атындагы орто мектепте биология сабагынан билим берип келем. Ага чейин башка кесиптерде иштедим.

Ошентип билим берүү тармагында 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенүүдөмүн. Бир топ сыйлыктын ээсимин. Окуучуларым жыл сайын облустук олимпиададан алдыңкы орундарга жетишип келишет», - деди ал.

Мугалимдин 2 кыз, 1 уулу бар.

«Үчөө теӊ турмуш курушкан. 11 неберем бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 963
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×