Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Бишкек — Ош жолунда жол кырсыкка кабылган мас абалдагы эркек киши жандандыруу бөлүмгө түштү

Turmush -  Бишкек — Ош унаа жолунда унаа сүзүп кеткен мас абалдагы эркек киши жандандыруу бөлүмгө түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, 21-мартта болжол менен 20:40 чамасында Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын 1962-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну жол кырсыктын кесепетинен райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин кароосунан өткөн жабырлануучуга баш мээси чайкалган, баш сөөгүнөн жаракат алган жана шыйрагынан жабыркап жабык сынык алган деген диагноз коюлган.

Ошондой эле, 56 жаштагы тургунга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны ооруканага алып келген учурда жабырлануучу мас абалда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Көп окулду
×