Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 21.03.2018 15:50

Сокулукта өткөн улак тартышта Военно-Антоновканын спортчулары 1-орунду багындырышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, улак тартыш оюнуна жалпы 60 миң сом баш байге коюлуп, 1-орунду Военно-Антоновка айыл аймагынын командасы жеңип кетти. Аталган райондун акиминин орун басары Токтобүбү Ракимбаеванын айтымында, көк бөрүдөн тышкары ат чабыш, кунан чабыш, тай чабыш оюндары өткөрүлдү.

«Жергиликтүү демөөрчүлөр жана айыл өкмөттөр менен биргеликте өткөн ат оюндарына жалпы 70 миӊ сом байге фонду каралган. Ал эми улак тартышка 60 миӊ сом берилди. Анын ичинен 1-орунга 20 миӊ, 2-орунга 15 миӊ сом жана 3-орунга 10 миӊ сом бекитилип, мыкты оюнчуларга да 1 миӊ сомдон акчалай сыйлыктар каралды. Ошондой эле жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом тапшырылды», - деди ал.

Майрамга арналган иш-чара концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго бир жылкы союлуп, дасторкон даярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×