Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Чүй

Александровка айылына жаӊы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагындагы Беш-Корук айылында жаӊы бала бакча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Александровка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бала бакча ачууну Александровка айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун колдоосу менен ишке ашырышкан. 1182 адам жашаган Беш-Корук айылындагы бала бакча мурда орто мектептин башталгыч класстарынын имараты болчу. Мектеп 1988-жылы курулган. 2000-жылы имарат муниципалдык менчикке өтүп, авариялык абалда болуп, анын жаңы имаратын курууга каражат жетишсиз болгон. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 455 миң 200 сом, дем берүүчү гранттын эсебинен 1 млн 808 миң 600 сом бөлүнгөн. Бирок мекеме кызмат көрсөтө башташы үчүн кошумча инвестициялар талап кылынган. Демилгелүү топ «Балдардын достугу – улуттун күчү» деп аталган долбоорду иштеп чыгып, артыкчылыктуу маселени тандап алуу боюнча чогулуш маалында аны жергиликтүү тургундарга тааныштырган болчу.

«ЖӨБ органы чогулушта тандалган долбоорго каражат издей баштады. Чогулушта катышуучулардын көпчүлүгү бул долбоор үчүн добуш берип, айыл өкмөтү каржылоо издөөгө өтүнмө даярдоого киришти. Ошентип ал "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына катышууга жиберилди. Сынактын жеңүүчүсү болгондон кийин айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине 1 000 000 (бир миллион) сом түштү. Бул акчага жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом кошуп, бала бакчада толугу менен шарт түзүлдү. Муну менен калктын артыкчылыктуу маселеси чечилди, мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлдү», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Азыр бала бакча 100 орунга эсептелинген, ал эми штатына 11 кызматкер бекитилген. Бул жылы бала бакча үчүн жергиликтүү бюджетте 961,5 миң сом көлөмүндө каражат каралды. Анын 411,5 миң сому көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана оюн аянтчасын курууга, 550 миң сому тамактанууга бөлүнөт.

«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 459
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×