Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуСокулук району 20.03.2018 12:00

Сокулукта самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда самбо боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты, самбо боюнча Чүй облусунун курама командасынын ага машыктыруучусу Кайрат Тургумбаев билдирди.

«Мелдеш абдан жакшы деңгээлде өттү. Жалпы командалык эсеп менен 1-орунга Сокулуктагы «Жангарач» спорт клубунун спортчулары ээ болсо, 2-орунду Россиядан келген спортчулар, 3-орунду ысык-көлдүк спортчулар алышты. Жеӊүүчүлөргө ардак баракчалар, кубок, медалдар тапшырылды», - деди ал.

Аталган мелдешке жалпы 450дөй спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×