Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 20.03.2018 10:53

Токмок шаарынын башчылыгына шайланган Данияр Амангелдиевдин өмүр баяны

Turmush -  Токмок шаарынын башчысы болуп Амангелдиев Данияр Жолдошевич шайланган. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 18 депутат өз добуштарын беришти.

Мое фото

Өмүр баяны:

Амангелдиев Данияр Жолдошевич 1982-жылы 30-мартта Чүй районунун Чүй айылында төрөлгөн.

Билими:

- 1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинен билим алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 2003-2004-жылдары Экономика жана каржы министрлигинин Инвестициялык саясат башкармасынын мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун программасына баа берүү жана пландоо бөлүмүнүн стажеру;

- 2004-2006-жылдары Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин эл аралык каржы уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн аткаруучу адиси;

- 2006-2007-жылдары Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башкы адис;

- 2007-жылы Экономика жана каржы министрлигинин мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун программасына баа берүү жана пландоо бөлүмүнүн аткаруучу адиси;

- 2007-жылы Экономикалык өнүгүү жана соода министринин жардамчысы;

- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;

- 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу;

- 2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин капиталдык салымдар бөлүмүнүн жетекчиси; Бюджеттер аралык мамилелер башкармасынын жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн башчысы;

- 2013-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Мамлекеттик секторлордун чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын жетекчиси. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин коллегиясынын мүчөсү.

Кошумча билими:

- 2017-жылы «Мамлекеттик башкаруу системасын көзөмөлдөө жана ички аудит» темасындагы Бүткүл дүйнөлүк банктын семинары (Чолпон-Ата шаары);

- 2016-жылы PEMPAL тажрыйба топтоо коомчулугу (Москва шаары);

- 2016-жылы JICA мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду пландаштыруу (Япония, Токио);

- 2014-жылы EMPAL тажрыйба топтоо коомчулугу (Москва шаары);

- 2006-жылы «Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу долбоор боюнча төлөмдөр жана каржылык башкаруу» темасындагы Бүткүл дүйнөлүк банктын семинары (Бишкек);

- 2005-жылы «Макроэкономикалык саясат» темасындагы ТАСИСтин семинары (Бишкек);

- 2004-жылы «Долбоорлорго экономикалык анализ жасоо» темасындагы Азия өнүктүрүү банкынын семинары (Бишкек).

Алган сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы кызматынын отличниги;

- Кыргыз Республикасынын каржы рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматынын отличниги;

- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ардак грамотасы;

- Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын ардак грамотасы;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардак грамотасы, Ички иштер министрлигинин ардак грамотасы жана башка сыйлыктарды алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×