Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Чалдоварда жипке асынып каза болгон кыз өлүм алдында жазылган катын таштап кеткен

Turmush -  Чүй ОИИБ Чалдовар айылында өз өмүрүнө кол салып каза болгон окуучу кыздын өлүмүнө виртуалдык оюндар түрткү болгон деген тургундардын божомолун четке какты.

Аталган түзүмдүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган окуя 14-мартта болгон. Панфилов райондук ооруканасынан милиция кызматкерлерине жипке асынып каза болгон жергиликтүү тургун тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу барып, окуучу кыз өзүнүн үйүндө асынып каза болгондугун жана анын денесин жакындары ооруканага жеткирип барышканын аныкташкан.

«Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган кыз өлүм алдында жазылган катын таштап кеткен. Кийинчерээк ал каттын мазмунун билдиребиз. Ал эми кыздын виртуалдык оюндарга тартылбагандыгы жана анын өлүмүнө окуучунун жакындары күнөөлүү эместиги маалым болду», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Панфилов районунун Чалдовар айылында 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза болгондугун жазган.

Каза болгон кыздын курдаштарынын айтымында, 8-класстын окуучусунун Инстаграмдагы баракчасында депрессия абалын чагылдырган билдирүүлөр жазылган. Ал билдирүүлөр аркылуу окуучу кыз бир туугандарынан жана жакындарынан кечирим сураган.

Кызынын өлүмүнөн кийин маркумдун апасы эс-учун жоготуп, бир нече күн жаткан. Учурда аялдын абалы оор.

«Кыздын мындай кадамга барышына эч кандай себеп болгон эмес. Окуучу эч ким менен урушчу эмес. Ошол эле учурда апасы менен дагы урушкан эмес. Анын апасы — мүнөзү жумшак, жакшы мугалим. Кыз өзү жакшынакай болчу жана курдаштары менен эч кандай көйгөйлөр жаралган эмес. Бул окуяга виртуалдык оюндар себеп болушу мүмкүн», - деп билдиришти маркумдун айылдаштары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16632
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×