Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуМосква району 19.03.2018 15:24

«Каршы сүйлөсөӊ психиатрга жөнөтүшөт»: Чарчап калган балдарды өлүкканага көтөрүп барган А.Нарынбаева жетекчисине нааразы (видео, фото)

Turmush -  Москва районунун Беловодск айыл аймагындагы психоневрологиялык балдар үйүндө 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Асел Нарынбаева бала багуучуларды кемсинткен жетекчисине нааразы.

Анын Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргенине караганда, азыркы иштеп жаткан жетекчи кол алдындагы иштеп жаткан жумушчулардын, өзгөчө бала багуучулардын дарегине шек келтирген ыпылас сөздөрдү айтат.

Асел Нарынбаева

WhatsApp Image 2018-03-19 at 07.52.10

«Мени көпчүлүктүн алдында "дүлөйсүӊ" деп тилдейт. Мен өзүм 3-топтогу майыпмын. Кулагым жакшы укпайт. Угуу аппараты менен жүрөм. Менден башкаларды да ыпылас сөздөр менен "акмактар, кара жерге киргирлер" деп тилдейт. Директорубузга жана эмгек жамаатыбызга мындай тилдөөлөр көнүмүш адатка айланып калган. Бирок жөнөкөй жумушчулар канчага чейин анын тилине чыдашыбыз керек?

Совхозубуз интернатка жардам катары келген кийим-кече, буюмдарды коркпостон, эч кимди көзгө илбестен менчик автоунаасына жүктөп кетет. Айлык маянаны билели десек эсепчилер жооп беришпей, "чыккыла" деп кууп чыгышат. Сыйлык акчабыз себепсиз берилбей калат. Мурунку директордун убагында биз бир гана өзүбүзгө тиешелүү жумуштарды аткарчубуз. Ал эми учурда биз оорукчан балдарды гана карабастан сырткы иштерди дагы аткарабыз. Мисалы чөп жулдуртат, таштанды тазалатат, эшиктерди шыпыртат, чарчап калган балдарды өлүкканага көтөртүп киргиздирет. Балдар катуу ооруп калса бизди күнөөлөшөт. Балдарга тамак-аш, памперстерди жеткиликтүү беришпейт. Биздин айлык маянадан канализацияга, санэпидемстанцияга деп чогултушат. Каршы сүйлөсөӊ, "оорукчансыӊ" деп психиатрга жөнөтүп турушат. Бул эмне деген жорук, мындай кордук канчага чейин улана берет?

15 жыл иштеп, майып балдарды жуунтуп, көтөрүп, маӊдай терибиз менен айлык алып жатабыз. Ушул айткандарымды президент, премьер-министр, Социалдык өнүктүрүү министри угуп, окуп коюшса», - деди ал.

Ал эми аталган балдар үйүнүн директору Светлана Такырбашева Асел Нарынбаева тарабынан айтылган сөздөр жалган экендигин белгиледи.

Светлана Такырбашева

IMG-20180319-WA0002

«Мен эч качан ага жаман сүйлөгөн эмесмин. Аны эчак эле кетирмекмин. Көп жумушчу менен урушат. Ал сөздү жакшы укпай калып, "мени жамандап жатышат" деп ойлой берет. Мен актангандай болбоюн, кудай карап турат. Жумушчуларга жаман сөздөрдү айтпайм. Ага жаӊы жылдын алды менен жакшы уксун, элди туура түшүнсүн деген максатта 450 долларлык угуу аппаратын сатып бергем.

Чарчап калган балдарды өлүкканага чейин бала багуучулар коштоп барышат. Ал эми совхоз Жаныбек жардам катары келген кийим-кече жана башкаларды автоунаасына жүктөп кетпейт. Анын айткандары калп. Памперстин баары ордунда турат. Азыр 40 миӊге жакын памперс бар. Кышында бир күндө 4500-5000 сомдун памперсин колдонушат.

А.Нарынбаеваны 8 жылдан бери көп тайпага котордум. Бир дагы тайпага батпай койду. Мен намаз окуйм, орозо кармайм, кудайга койдум», - деди ал.

Аталган балдар үйүндө жалпы 230 майып бала тарбияланат. Анын ичинен 80 бала өз алдынча баса албайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×