Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.03.2018 11:18

Инстаграм аркылуу жакындарынан кечирим сураган окуучу кыз өз өмүрүнө кол салды

Turmush -  Панфилов районунун Чалдовар айылында 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза болду.

Маалым болгондой, аталган окуя 15-мартта болгон. Каза болгон кыздын курдаштарынын айтымында, 8-класстын окуучусунун Инстаграмдагы баракчасында депрессия абалын чагылдырган билдирүүлөр жазылган. Ал билдирүүлөр аркылуу окуучу кыз бир туугандарынан жана жакындарынан кечирим сураган.

Кызынын өлүмүнөн кийин маркумдун апасы эс-учун жоготуп, бир нече күн жаткан. Учурда аялдын абалы оор.

«Кыздын мындай кадамга барышына эч кандай себеп болгон эмес. Окуучу эч ким менен урушчу эмес. Ошол эле учурда апасы менен дагы урушкан эмес. Анын апасы — мүнөзү жумшак, жакшы мугалим. Кыз өзү жакшынакай болчу жана курдаштары менен эч кандай көйгөйлөр жаралган эмес. Бул окуяга виртуалдык оюндар себеп болушу мүмкүн», - деп билдиришти маркумдун айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×