Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Чүй районунда өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты (видео, фото)

Turmush -  Чүй районунда спортчу Болотбек Абыкай уулунун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында 11 команданын ичинен Чүй айыл өкмөтүнүн тайпасы 1-орунду камсыздады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү» программасынын алкагында жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында Болотбек Абыкай уулунун бир туугандары мелдеш уюштурушту. Ага жалпы 11 команда катышып, 1-орунду Чүй айылы, 2-орунду Он Бир-Жылга айыл өкмөтү, 3-орунду Бурана айылынын командалары жеӊип алышты. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлык жана ардак баракчалар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1394
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×