Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Токмок 17.03.2018 14:41

Токмок шаарынын башчысы болуп Данияр Амангельдиев шайланды (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын башчысы болуп Амангельдиев Данияр Жолдошевич шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

4444

Маалым болгондой, бүгүн, 17-мартта өткөн Токмок шаарынын мэрин шайлоого шаардык кеңештин 31 депутаты толугу менен катышты. Шайлоонун жыйынтыгында Амангельдиев Данияр Жолдошевич депутаттардын 18 добушуна ээ болсо, Келдибеков Нурлан Белекович 13 добушка ээ болду.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-FtaHyrunydKgagjg

Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Айгүл Идинованын айтымында, шайлоо мыйзамдуу түрдө өтүп, аймактык шайлоо комиссиясы бардык шарттарды түзүп берген.

Жаңы шайланган мэр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бюджеттин көлөмүн көбөйтүүгө убада берди.

«Биринчиден шайлоо өтүп жатканда депутаттар бюджеттин көлөмү азайып кетти деп белгилешти. Көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн акча каражат керек, ошондуктан бюджетти толтурууга аракет кылам. Мен өзүм каржы тармагында иштегендиктен көйгөйлөрдү жакшы эле билем. Ошол тарапта биринчи багыттарды баштайм. Эң биринчи программаны депутаттар менен биргеликте кабыл алабыз жана ошонун негизинде ишти баштайбыз. Депутаттар менен чогуу жумушту алып кетүүгө даярмын», - деди ал.

Данияр Амангельдиев 1982-жылы Токмок шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Буга чейин Токмок шаарынын башчылыгына 3 талапкер катталган болчу. Алар:

- Келдибеков Нурлан Белекович, Токмок шаардык кеңештин депутаты (КСДП). Мурда Токмок шаарынын вице-мэри болуп эмгектенген.

- Самаев Урматбек Обозбекович, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты («Кыргызстан» патиясы).

- Амангельдиев Данияр Жолдошевич, Tazabek сайтына жарыяланган маалымат боюнча Мамлекеттик сектордогу чыгымдарды пландоо башкармалыгынын жетекчиси катары катталган.

Токмок шаардык кеӊеште 31 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×