Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 16.03.2018 11:17

Ысык-Атада өткөн жылы кургак учуктан 10 киши каза болгон (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунда кургак учуктун алдын алуу жана анын кесепетин элге кеңири жеткирүү максатында райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлеринин уюштуруусу менен «Кургак учук» оорусун жеңебиз!» аттуу акция болуп, ага мектеп окуучулары, мугалимдер жана дарыгерлер катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында акциянын максаттары катышуучуларга тааныштырылып, жөө жүрүш жасалды. Мектеп окуучуларынын арасында кургак учукту алдын алуу боюнча сүрөт транспоранттар, ырлар жана спорттук мелдештердин сынагы болду. Сынактын жеңүүчүлөрүнө райондук ден соолук комитети тарабынан белектер тапшырылды.

«Кургакучук -IV» улуттук программасын ишке ашырууда кургак учукка каршы иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун берген маалыматы боюнча, былтыркы жылы район боюнча кургак учук илдетине кабылган бейтаптардын саны 243 түзсө, 2016-жылы 188 адам катталган. Анын ичинен 2017-жылы чоң адамдар — 225, өспүрүмдөр — 3, балдар — 15. Өлгөндөрдүн саны — 10, мурунку жылга салыштырмалуу үч адамга көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×