Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Чүй районунда суициддин алдын алуудагы иш-аракеттер каралды (фото)

Turmush -  Чүй районунда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, суициддерди алдын алуу боюнча иш-аракеттери кароо жөнүндө координациялык кеӊешме болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Апбасов, Чүй районунун прокурору К.М. Алимов, Чүй РИИБ жетекечиси Ч.У. Шаршеналиев жана ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, Чүй районунун мечиттеринин имамдары, социалдык кызматкерлер жана Чүй районунун айыл өкмөт башчылары катышты. Кеңешмеде экстремизм-терроризмге каршы күрөшүү, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу, калкты эмдөө боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, жаштардын жана балдардын арасында укук бузуулардын жана кылмыштардын, суициддердин алдын алуу боюнча иш-аракеттер каралды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 944
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×