Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: Элеттик көк бөрүчү Т.Шадыбеков бокс боюнча беттеште 3 мушкерди кантип жеңип алган? (фото)

Turmush -  Москва районунун Кош-Дөбө айылынын 18 жаштагы тургуну Тариэл Шадыбеков 5-классынан баштап көк бөрүгө катышып келет. Ал аймактык кабарчыга 1,5 жыл бокс менен машыккан спортчу балдарды кантип жеӊип алганын айтып берди.

«Мен айылда чоӊойдум. Айылда биз мал кармачубуз. Ошол себептен бала кезден ат миндим, улак тартыштарга катыштым. Атам дагы улак тартчу. Экөөбүз улакка түшчү аттарды өзүбүз эле таптап даярдайбыз. Командабыз менен бирге район ичинде өткөн бир топ мелдештерге катышып, бир далай жолу жеӊиштерге жеттик. Ал ортодо көп жыгылып, жаракат да алган күндөр болду. Кудай буюрса ушул күз айында көк бөрү боюнча чоӊ оюндарга, облустук, республикалык мелдештерге катышайын деп турам», - деди ал.

Тариэл көк бөрү оюнчулары спортко даяр болуп, күчтүү келерин белгиледи.

«Мен быйыл ашпозчулук кесибине тапшырдым. Албетте, шаарга келген соӊ спорттун бир түрү менен машыгууну чечтим. Ошентип бокс менен машыга баштадым. Машыкканыма бир аз эле убакыт болду. Чакан мелдештерге чыгып жатабыз. Негизи көк бөрүгө түшүп жүргөнүмдүн пайдасы тийип жатат. Баары бир күч болот экенсиң. Менден мурда 1 жыл, 1,5 жыл машыгып жүргөн спортчулар менен агайым мени беттештирди. Мен 3 спортчуну теӊ жеӊип алдым. Алардын экөөнүн салмагы мага бир аз жетпесе, бирөөсүнүкү ашып кеткен болчу. Бирок ага карабай агайымдын үйрөткөнүндөй беттешип, жеӊип алдым. Бокс менен машыгуунун башталышы жаман эмес. Келечекте Кыргызстанды, кыргыз элимди алыска тааныткан спортчу болсом дейм», - деди ал.

Тариэл Шадыбеков 2000-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1529
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×