Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баракелде, Бишкек 14.03.2018 12:39 На русском

Бишкекте ээси дүкөнгө киргенде унаасын уурдап кеткен жигиттер кармалды

Turmush -  Бишкек шаарында автоунааны уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, милицияга жабырлануучу (эркек киши) арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 12-март күнү саат 22:00 чамасында шаардагы көчөлөрдүн бириндеги дүкөндөн чыгып, «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаасын таппай калган.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү делген 1987-жылы туулган С.Т. жана 1993-жылы туулган Т.Д.ны кармашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 172-берененин (автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×