Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Сокулуктагы төрт айылдын ынтымагын бекемдөө максатында футболдук мелдеш уюштурулду (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы 4 айыл өкмөтү айыл аралык ынтымакты бекемдөө максатында 1982-жылкы жигиттер арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Изат Жунушов билдирди.

«Бул оюнга Жыламыш, Саз, Асылбаш жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 1982-жылкы жигиттер катышты. Оюндун максаты — айыл аралык ынтымакты бекемдөө. Мындан ары да бул иш-чараны салтка айландырсакпы деген планыбыз бар», - деди ал.

Мелдештин баш байгесине 3 миӊ сом коюлду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1673
Көп окулду
×