Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 14.03.2018 11:00

Токмоктогу жол кырсыктан жаракат алган кош бойлуу келин эки баласы менен ооруканага түшкөн

Turmush -  Токмок шаарындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен аймактык ооруканага жаткан кош бойлуу келин үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык аймактык оорукананын директору билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгына кабылган 25 жаштагы келиндин 8 айлык боюнда болгон.

«4-март күнү жол кырсыгынын кесепетинен 11 киши ооруканага түшкөн. Дагы бир киши каза болуп келди. Андан кийин жеӊил жарат алгандар жана Бишкек шаарындагы ооруканага алып кетүүнү каалаган жакындарынын суранычы менен 4 бейтап биздин ооруканадан кеткен. 25 жаштагы кош бойлуу келин 7 жаштагы кызы менен жандандыруу бөлүмүнө жаткан. Кийин сыныктар бөлүмүнө которулуп, жакында эле үйүнө кызы менен чыгарылды. Анын дагы бир 4 жаштагы баласы да жеӊил жарат алган болчу», - деди ал.

4-март күнү саат 15:30 чамасында Токмок шаарынын Дача кыштагынын тушунан айланма жолдо жол-транспорт кырсыгы катталган. Анда ГАЗ-53 жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц Спиринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан. Бул кырсыкка жол тандабас да кабылган. Аталган жол кырсыктын кесепетинен 11 адам денесине ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылса, 1 адам окуя болгон жерден көз жумган.

Учурда Чүй ОИИБдин кызматкерлери бул окуя боюнча териштирүү, иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×