Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 12.03.2018 12:05

Айыл турмушу: Эмгектерин туристтерге саткан кол өнөрчү Ш.Солтонкулова ырлар жыйнагын чыгарды (фото)

Turmush -  Суусамыр өрөөнүнүн 77 жаштагы тургуну Шамшы Солтонкулова 12 жашынан тартып сайма сайып, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал мындан тышкары ыр да жазат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шамшы Солтонкулова 1941-жылы Суусамырдын Кожомкул айылында төрөлүп, бала чагы ушул жерде өткөн. Кийин Кызыл-Ой айылына келин болгон.

«Жолдошумдун ата-энеси куда түшүп, мага сөйкө салышкан. Абышкам экөөбүз баш кошуп, 3 уул жана 1 кыздуу болдук. Эң уулу балам Марат 9-класс, Мурат 7-класс, Канат 5-класс жана кызыбыз Айнура 3-класс болуп калганда бөөдө кырсыктан жолдошум Бекболоттон айрылып калдым. Мен үчүн жашоонун кызыгы бүтүп, балдарымды кучактап, ата-энемди карап отуруп калдым. "Балдар жаш болсо кандай жашоо өтөт" деп бир күнү ыйлап, бир күнү өзүмдү алаксытып жүрдүм. Ал учурда мен 35 жашта элем.

Тирүү жандын тиричилиги өтө берет дегендей күндөр өтүп, белди бекем бууп, балдарымды багуу үчүн мектепке жумушка кирип калдым. Ошол убакта кол өнөрчүлүк менен да алектенип, сайма сайып, оймо оюп, шырдактарды жасап жүрдүм.

Мен 12-13 жашымдан тартып эле сайманы өздөштүрө баштагам. Балдарым да чоңоюп, эр-азамат болушуп, үйлөнүп-жайланып да калышты. Азыркы күнгө чейин кол өнөрчүлүктү таштаган жокмун. Мен эмнени көрсөм ошону дал өзүндөй жасачумун», - деди ал.

Шамшы Солтонкулованын жасаган эмгектерин чет элден келген туристтер баалап алып кетишет.

«Көптөгөн фестивалдарга катышып, Таласка чейин барып, бир нече сыйлыктарга да ээ болгом. Быйыл 77 жаштамын. Чоң акын болбосом дагы ыр жазам. 73 жашымда "Жүрөктөн чыккан ырлар" деген ырларымдын жыйнагы чыккан. Азыр 15 небере, 7 чөбөрөнүн бактылуу чоң энеси, чоң апасымын», - деди ал.

Шамшы Солтонкулованын калемине таандык ырлар:

Суусамырым

Кагылайын керилген Суусамырым,
Пейли кенен кызыл жүздүү элиңден.
Таза абадан кере-кере дем алып,
Таазим кылам, өмүр бою сага мен.

Ата-энеме

Ата деген Ала-Тоодой бала үчүн,
Ата аябайт баласына бар күчүн.
Кам көрүшүп балдарына дайыма,
Актайбызбы, билбейм кантип үмүтүн.

Эне кымбат, эне асыл баарынан,
Энекемдин урушканын сагынам.
Эми урушсаң даяр элем баарына,
Эркелеткен кучагыңды сагынам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×