Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Сокулуктагы катуу шамал: Куюн мектептин жаңы чатырын 3 мүнөттө сыйрыды, - директор

Turmush -  Сокулук районунун Асылбаш айыл аймагында кечээ, 11-мартта саат 07:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен катуу шамал катталды.

ӨКМдин маалыматына караганда, катуу шамал Биримкул орто мектебинин 40 чарчы метр чатырын тактайлары менен кошо учуруп кеткен. Адамдар жабыркаган жок. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлдү.

Аталган мектептин директору Ширин Мурзалиеванын айтымында, мектептин чатыры 2 жыл мурун оңдоодон өткөрүлгөн.

«Мектеп 2 кабаттуу. Эки жыл мурун чатырлар темирден жаңыртылып жасалган. Шамал бир гана темирди эмес, жыгачтарын кошо учуруп кетти. Шамал 3 эле мүнөт болду. Ал мектептин арт жагынан куюн катуу ылдамдык менен келип, бир эле силкип учуруп кетти. Кечээ эс алуу күнү болгондуктан мектепте окуучулар жок болчу. Окуя болгондон кийин дароо ӨКМдин кызматкерлерин, айыл өкмөттү, депутаттарды чакырдык. Алар мектепти жаан-чачындан убактылуу коргоо үчүн целлофан жаап кетишти. Жакын арада оңдоп-түздөп беришет» - деди ал.

Ал эми, Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Тилектеш Үмөталиев катуу шамалдан адамдар жабыр тартпаганын билдирди.

«Катуу шамалдын кесепетинен жабыр тарткандар болгон жок. Шамал аталган мектептин чатырын учуруп кетти. Эми аны оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1176
Көп окулду
×