Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 12.03.2018 08:57 На русском

Жайылдагы Кара-Суу айылынын жаштары 85 жаштагы Мария Исаевага жаңы үй куруп беришти (фото)

Turmush -  Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын жаштары 85 жаштагы Мария Исаевага үй куруп беришти.
Айылдаштарынын айтымында, Мария Исаева жаш кезинде райондогу колхоздо эмгектенип, кызылча өстүргөн. Ал өмүр бою туулган айылы Кара-Суудагы чакан үйүндө жашап, акыркы жылдары ден соолугунан жабыркап келген эле.

«Жаш кезимде көп жыл колхоздун талаасында иштедим. Биз помидор, кызылча жана башка жер-жемиштерди өстүрүп, түшүмүн чогултчубуз. Жолдошум көп жыл мурун каза болуп, жалгыз уулум калды. Учурда майыптык боюнча 1 миң сом жана эмгектенгеним үчүн 4 миң сом пенсия алам. Менден айылдаштар, жаштар дайыма каражат жетеби деп сурап турушат. Мен алардан жардам сурагандан уялам, анткени алардын да үй-бүлөсү бар. Бирок айылдаштарым баары бир азык-түлүк берип турушат. Жаштар өздөрү үй куруп берүүнү сунушташты. Мүмкүн мен макул болмок эмесмин, бирок кыш жакындап келе жаткан эле. Шарты жок, эски үйдө жашоо кооптуу болуп калган», - деди М.Исаева.

Ал жашаган чакан үйдүн пайдубалы урап, дубалынан жарака кетип, терезе-эшиктери эскирип калганын айылдаштары көрүп турган. Жалгыз уулу апасын камсыздабаганын көргөн айылдыктар алгач ӨКМге үйдүн курулушуна жардам сурап кайрылып, бирок оң жооп болгон эмес. Андан кийин Кара-Суу айылынын тургундары демөөрчүлөрдөн, депутаттардан каражат издеп, өздөрү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чогултуп башташкан.

«Ашар жолу менен курулган турак үйдү пенсионерден эч ким тартып албашы үчүн мыйзамдуу документтерди даярдаганга аракет кылдык. Керектүү документтерди топтоп, көз жумган күйөөсүнүн жери Мария Исаевага расмий түрдө катталды. Эми жаңы үйдү Мамлекеттик коттоо кызматынан каттоодон өткөрүү иштери калды», - деди айылдагы жаштар комитетинин мүчөсү Алмаз уулу Максат.

Айылдагы жаштар, кесипкөй куруучулар талаа жумуштары күч алып турганда үйдүн курулушун ашар жолу менен бүткөрүүгө жетишти. Курулуш башталганда Мария Исаеванын уулу да аларга кошулган. Бирок айылдыктар ага курулуш учурунда спирт ичимдиктерин ичпөө тууралуу талап коюшкан.

Эски үйдүн жанына курулган чакан үй жалпы 3 бөлмөдөн турат (2 бөлмө жана кире бериш бөлмө). Курулуш учурунда азык-түлүк, тамак-ашты дагы айылдыктар даярдап турушкан.

Учурда аталган айылда 700гө жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×