Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Көп улуттуу айылда депутаттарды башкарган Т.Мамытова небелерине төшөк жасап, кийим тигет (фото)

Turmush -  Чүй районунун 72 жаштагы ардактуу тургуну Тумархан Мамытова көп жылдар бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, жетишкен ийгиликтеринин арты менен бир топ сыйлыктарга татыган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Т.Мамытова 1963-жылы Нарын районундагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырган.

«Бул окуу жайды 1968-жылы аяктадым. Окууну бүткөн жылы эле Фрунзе үй-музейинде экскурсовод болуп алгачкы эмгек жолумду баштагам. Андан соӊ жолдошум менен Нарынга көчүп барып, 1971-1973-жылдары Нарын облустук профсоюздар комитетинде бюро экскурсовод болуп эмгектенип, 1973-1979-жылдары Ат-Башы ГЭСинин Достук айылдык советинин төрайымы болуп иштедим. Андан соӊ үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Чүй районуна көчүп барып, Чүй райкомпрофсоюзунда иштеп жүрүп, 1987-жылдан 1995-жылга чейин Ибраимов, Искра айылдык кеӊештеринин төрайымы болдум. Ал кезде аял киши үчүн депутат болуу кыйын болчу. Мырзалар алдыга чыгып, аялдын төрайым болуусуна жол беришчү эмес. Бирок азыркыдай айылдык кеӊештин айрым депутаттарындай болуп түн жамынып пара берип, кой союп, тамак берип өтчү эмеспиз. Ал кезде бир гана ишиӊ менен натыйжа көрсөтүп, андан кийин өтчүсүӊ.

Ошол кезде Искра айылында орус, дунган улутундагылар көп жашашчу. Эки орус аял депутат эле. Ошол учурда айылдагы канаттуулар фабрикасынын директору экөөбүз 3 кабаттан турган 790 орундуу мектеп курдуруп бергенбиз. Биздин эмгекти эске алып, аталган директор экөөбүзгө "Билим берүүнүн мыктысы" деген төш белги беришкен.

Пенсияга 1996-жылы чыктым. Бирок пенсияга чыктым деп эс алып отурбай, 1996-жылдан 2010-жылга чейин Чүй районунда бөлүм башчы болуп эмгектендим», - деди ал.

Тумархан Мамытова үзүрлүү эмгегинин арты менен бир топ ардак баракчалар менен сыйланып, Чүй районунун «Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон.

«Бир уул, бир кызым каза болуп калган. Учурда 2 кызым бар. Баары теӊ билимдүү, илимдүү. Өзүм айылдагы апалардын тобу менен ар кандай иш-чараларга катышып жүрөм. Бош убактымда неберелериме төшөк жасап, сайма сайып, улуттук кийимдерди, калпак тигип, кол өнөрчүлүк кылам», - деди ал.

Тумархан Мамытова 1946-жылы Нарын районунун Дөбөлү айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1433
Көп окулду
×