Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуКемин району 09.03.2018 13:08

Кеминдеги салык кызматынын башкы инспектору С.Самудиновага «Кеменгер» сыйлыгы тапшырылды (фото)

Turmush -  Кемин районунун бардык аймактарында 8-март – Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 6-март күнү Кемин шаарынын мэриясы жана шаардык аялдар кеңешинин атынан майрамдык иш-чара өткөрүлүп, аялдарга куттуктоолор айтылып, грамоталар тапшырылды. Ошондой эле «Жылдын мыкты айымы», «Жылдын үлгүлүү үй-бүлөсү» наамдарынын ээлери аныкталды. Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Жумгалбек Дүйшебаев катышып, Кемин районунун айымдарын куттуктап, 25 айымга райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамоталарын тапшырды.

Ушул эле күнү Кемин жана Орловка шаарларындагы аз камсыз болгон жана көп балалуу 50 айымга демөөрчүлөр тарабынан гүлдестелер жана 2 миң сомдук азык-түлүк берилди. Ошондой эле 6-март күнү райондон 15 делегат айым өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өткөргөн иш-чарага катышып, облустун «Кеменгер» сыйлыгы менен Кемин райондук салык кызматынын башкы инспектору Сыйнат Самудинова сыйланды жана 4 алдыӊкы айым облустун ардак грамоталарына татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×