Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуСокулук району 09.03.2018 09:49

Сокулукта самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Turmush -  16-марттан 18-мартка чейин Сокулук районунун Шопоков шаарында Жангарач бий кубогуна арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мелдештин уюштуруучуларынын бири Кайрат Тургунбаев билдирди.

«Жаш өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өткөргөнү жатабыз. Ага 2003-2005-2006-2008-жылдары төрөлгөн өспүрүм спортчулар катыша алат. Бул мелдешке Россиянын Москва шаарынан 1 тайпа, Өзбекстандан 1 тайпа, Казакстандан 4 тайпа келүүсү күтүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×