Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 07.03.2018 16:31

Ысык- Ата районунда 300 аялга майрамдык кече уюштурулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айымдарды куттукташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бул салтанатка баатыр энелер, райондук кызматтарда, уюмдарда эмгектенген айымдар, жалпы 300 аял чакырылган. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары айымдарды майрамы менен куттуктап, жылуу сөздөрдү айтышты. Ошондой эле аткарган ишинде жетишкендиктерди багындырган айымдар ардак грамоталар менен сыйланышты.

Майрамдык салтанатка Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева да келип, райондун жалпы айымдарына куттуктоо сөзүн жолдоп, бир катар жооптуу кызматтагы айымдарга ардак грамоталарды тапшырды. Иш-чара кыргыз элине белгилүү ырчылардын чыгармаларынын коштоосунда уланып, айымдарга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×